17-апрелден бери Кыргызстанга кайтып келген жарандардын бешөөнөн коронавирус табылды. Бул тууралуу 4-майда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, 17-апрелден бери Кыргызстанга чартердик каттам менен беш учак келди. Жалпысынан Анкара, Стамбул, Екатеринбург, Новосибирск, Дубай шаарларынын 1117 жүргүнчү учуп келди. Алардын баарынан ПЦР-анализ алынып, бешөөнөн илдет табылган.
«Алардан бир сыйра ПЦР-анализ алынган, бешөөнөн COVID-19 тастыкталган. Убактысы келгендер экинчи ПЦР-анализин тапшырып, убактысы келе электер күтүп жатышат», - деди ал.
15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавирустун айынан чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай жаткан кыргыз жарандары тууралуу маселе кызуу талкууланган.
ТИМдин 29-апрелге карата маалыматына караганда, ошондон бери 1,5 миңдей кыргызстандык мекенине алынып келди. Учурда дагы 58 мамлекетте кыргыз жарандары өлкөгө кайтууга жардам күтүп жатат.
4-майга карата Кыргызстанда коронавирус 830 адамдан табылды, алардын ону кайтыш болду, 575 бейтап айыгып чыкты.
Кайтыш болгон он адамдын бири - Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну 28-апрелде Екатеринбургдан учуп келген. Ал 2-майда көз жумду. (RK)