Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Казакстанда жаңы дайындоолор болду


Ак Ордо.
Ак Ордо.

Казакстанда бир катар жаңы дайындоолор болду. Президент администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан Маулен Ашимбаев Сенаттын депутаты болуп дайындалды. Тиешелүү буйрук 4-майда расмий сайтта жарыяланды. Ашимбаевдин ордуна буга чейин маалымат жана коомдук өнүгүү министри болуп иштеген Даурен Абаев келди.

Ушул эле күнү Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялады.

2-майда президент Касым-Жомарт Токаев Назарбаеванын депутаттык ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы, 56 жаштагы Дарига парламенттин жогорку палатасынын депутаттык мандатын 2016-жылы атасынын буйругунун негизинде алган. Былтыр мартта, Назарбаев кызматынан кеткенде Сенаттын спикери болуп шайланган. Байкоочулар муну Назарбаевдин мураскер дайындоого багытталган кадамы катары баалашкан.

Казак Конституциясына ылайык, мамлекет башчы кызматтан кеткенде же каза болгондо анын ордун Сенаттын спикери ээлейт.

Кошуна өлкөдө Сенаттын 15 депутаты президент тарабынан дайындалат.

XS
SM
MD
LG