Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары президент Сооронбай Жээнбековго видео аркылуу кайрылышты.
4-майда «Фейсбукта» жарыяланган кайрылуу тасмадан 30дай кишини, арасынан карыяларды көрүүгө болот. Алар Кимсанов негизсиз куугунтукталып жатканын айтып, президенттен иштин калыс чечилишине жардам сурашты.
Чогулгандар Жээнбековго буга чейин да кайрылышканын, бирок натыйжа болбой жатканын айтышты. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ишти жеке карамагына алууга убада берсе да калыс чечим болбой жатканын белгилешти. Кимсановдун аялы жана төрт кичине баласы коркуп жашап келатканын билдиришти.
Кимсанов токмоктоо тууралуу арыздын негизинде Орусиядан кармалып келген. Ал азыр Бишкектин №1 тергөө абагында отурат.
Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.
Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан. (RK)