Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Жээнбеков казак жана өзбек президенттери менен сүйлөштү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 4-майда өзбек жана казак президенттери Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, соңку маселелерди талкуулады.

Мирзиёевге Сардаба суу сактагычында дамба жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында мындан ары биргелешип чара көрүү тууралуу пикир алмашты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, «мамлекет башчылар татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкенин өзгөчө белгилешти».

Ушул эле күнү мамлекет башчысы казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөшүп, президенттер «кыргыз-казак өз ара кызматташтыгынын келечегин жана көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагындагы мамилени талкуулап, жакынкы келечекке пландарды белгилешти».

Эки президент коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө да сүйлөштү.

Сардаба (өзбекче «Сардоба») суу сактагычы 1-майда эртең менен саат алтыга жакын жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон. Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлгөн.

Дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны коңшу Казакстандын Түркстан облусундагы төрт кыштакты да каптаган. 2-майда Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлгөң жана 5,5 миң адам эвакуацияланган.

COVID-19 вирусу жуккан адамдардын саны Казакстанда 4 миңге чамалады, Өзбекстанда 2 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG