Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

«Центерра Голд» 2016-жылдан бери алгачкы жолу дивиденд төлөмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы 2016-жылдан бери алгачкы жолу дивиденд төлөмөй болду.

Компаниянын директорлор кеңеши кадимки акция үчүн 0,04 канадалык доллар, башкача айтканда, жалпы суммасы 11,7 миллион канадалык доллар (азыркы курс боюнча болжол менен 8,3 млн. АКШ доллары) өлчөмүндө дивиденд төлөөнү чечкенин «Кумтөр» ишканасы 4-майда кабарлады.

Ушундай эле маалымат «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын расмий сайтына жарыяланды.

Анда «Кыргызстанга «Центерра Голддун» акцияларынын 77,4 млн. даанасынын ээси катары 2,2 млн. долларга жакыны тийиши керек» деп айтылат.

Дивиденд быйылкы жылдын 21-майына карата катталган бардык акционерлерге 4-июнда төлөнүп берилет.

«Кыргызалтындын» маалыматына караганда, «Центерра Голддо» Кыргызстандын үлүшү 26,4% түзөт.

2019-жылы Кумтөр кенинде 18 668 кг алтын өндүрүлгөн.

Таза пайдадан түшкөн үлүш катары 2,2 миллион доллар Кыргызстанга бөлүнөрү тууралуу кабар алгач жарыяланганда бир катар талдоочулар Кумтөрдүн ээси болгон ири акционерге көп жылдан бери дивиденд төлөнбөгөнү аз келгенсип, эң эле аз өлчөмдөгү каражат каралганын сындап чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG