Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Кыргызстан: үй карантинин бузган 45 киши жоопко тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөдө жалпысынан 45 адам карантин эрежелерин бузганы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») менен сегиз киши, 281-беренеси («Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо») менен бир киши жоопкерчиликке тартылган. Бул беренелерди бузган жарандар 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин айып төлөп же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине («Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу») ылайык 11 киши, 119-берене («Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу») менен эки адам жоопко тартылууда. Алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Ал эми Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 293-беренесине («Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу») ылайык, 23 киши үч миң сомдон айыпка жыгылды.

Жалпы республика боюнча обочолонуу режимине (үй карантинине) бардыгы болуп 83 638 адам алынган, учурда алардын 28 592и үй карантининде, 55 046 адам карантинден чыкты. Өкмөт айрым жарандар обочолонуу режимин бузуп, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын маалымдады. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG