4-майда республикалык ыкчам штабдын жыйыны өтүп, анда Бишкек шаары менен Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болушу керек экени кеп болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкекте коронавирус илдетине кабылгандар күн сайын көбөйүп жатканын белгилеп, көчмө бригадалар, эпидемиологиялык кызматтар, мэрия эпидемиологиялык кырдаалга өзгөчө көзөмөлдөшү керек экенин билдирди.
«Ар бир жаран өзүнүн аң-сезимдүүлүгүн жана жоопкерчилигин көрсөтүп, өз саламаттыгынын коопсуздугу үчүн сунушталган санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр.
Боронов май куюучу жайларда жарандарга касса жайгашкан имаратка кирүүгө, май куюучу жабдыктардын колдон колго өтүшүнө уруксат берилбей турганын айтты. Ошондой эле такси кызматтары машинени күнүнө бир нече жолу дезинфекциялап турушу керек болорун, экиден ашык жүргүнчү салууга тыюу салынганын эскертти. Кыргызстанга кирип жаткан жүк ташуучуларда COVID-19 инфекциясынын бар-жогун текшерүүнү күчөтүүнү белгиледи.
Кыргыз өкмөтү экономиканы жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишке кирүүчү ишканалардын тизмесин жарыялаган. Биринчи баскычта ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода тармагы, такси кызматы кирет. (TSh)