Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Нарында кармалган илбирс реабилитациялык борборго жеткирилди


Нарында кармалган илбирс.
Нарында кармалган илбирс.

Бул тууралуу Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Сагынаалы Боогачиев билдирди. Анын айтымында, жаныбар 4-май күнү Нарын токой чарбасынын аймагындагы Тескей-Торпу деген аймактан кармалган.

«Ак илбирс ошол жердеги бир малчынын торпогуна кол салып, жеп жатканын малчылар көрүп калышкан. Бирок алар ак илбирстин жанына барган кезде качкан эмес. Андан соң Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын тургуну Жолдошбек Мырзакматов аттуу чабан ак илбирсти үйүнө алып кирип, бизге кабарлады. Биз ветеринарлардан куралган атайын комиссия түзүп, жерине барган кезде, ак илбирстин бир көзү жабыркаганын, тиштери түшүп, карылыгы жетип калганын байкадык. Комиссиянын алгачкы кароосунун жыйынтыгы менен ак илбирске ок тийбегени жана жарадар болбогону аныкталды», - деди Боогачиев.

Учурда бул ак илбирс Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилди. Эми бул жаныбардын саламаттыгына атайын адистер көз салышат.

Ак илбирс - Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Аны аткандарга 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (MiK)

XS
SM
MD
LG