Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Ош мэриясы: апрель айында казынага 64,5 миллион сом түшпөй калды


Kyrgyzstan, Osh city
Kyrgyzstan, Osh city

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам шаардык бюджетке апрель айында 64,5 миллион сом түшпөй калган.

План боюнча апрель айында 102,2 миллион сом түшөрү болжолдонгон. Анын 37 пайызы гана аткарылган, тагыраагы 37,7 миллион сом топтолгон.

«4-майда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов салык кызматынын жетекчилери менен жолугушуп, маалыматтарын укту. Мэр салык чогултууда мыйзамдуу иш алып баруу, көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүү тапшырмасын берди», - деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.

Март айында Ош шаарынын казынасына пландалгандан 39 миллион сомго аз акча топтолгон. Тагыраагы 119,3 миллион сом түшөрү болжолдонуп, бирок 79,4 миллион сом казынага түшкөн.

Мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов буга чейин «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда алдын-ала болжолдор боюнча март, апрель, май айларында 150 миллион сом түшпөй калары күтүлүп жатканын айткан.

Кайымов июнь айында бюджетти кайрадан карап чыгуу шаардык кеңешке сунушталарын кошумчалаган.

Ош шаарынын 2020-жылдагы бюджети 1 млрд. 325 млн. сом болуп бекитилген. (DU)

XS
SM
MD
LG