Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Коронавирус дагы 13 адамдан табылды, бир бейтап кайтыш болду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 13 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 5-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, 4-майда коронавирус жуккан 69 жаштагы бир адам каза болду. Анын эски оорулары күчөп, абалы оорлогон. Эки өпкөсү тең сезгенип, дем алуусу кыйындаган, мээси шишигени тууралуу диагноз коюлган. Кант диабети менен ооругандыктан инсулин алчу:

"№1 ооруканага кайрылып, ошол жерден пневмония диагнозу коюлган. 4-майда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулуп, лабораториялык анализинен коронавирус тастыкталган. Дарылоого карабастан, бүт эски оору курч мүнөздө күчөп кетип, жалпы аракетке карабастан жоготуу болду. Кызы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендиктен текшерилип турган, анализи таза чыгып жаткан. Башка да жуга турган жолдору бар".

Соңку бир суткада 25 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын ичинен 11 бейтап кайтыш болду, 8 бейтап оор абалда, алардын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, 600 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Адистер өлкөдө коронавирус жуккандардын саны эң көп каттала турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG