Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Тимошенко саясий репрессияга кабылганы үчүн чоң өлчөмдө кенемте өндүрдү


Украиналык саясатчы, “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко өзүнө каршы жүргүзүлгөн саясий басым үчүн 148 миллион гривна кенемте өндүрдү. Бул сумма дээрлик 5,5 миллион АКШ долларына барабар.

Коррупцияга каршы улуттук агенттиктин сайтындагы маалыматка ылайык, бул маалымат Тимошенконун декларациясында жазылган. 2020-жылдын 24-апрелинде аталган акчаны алганын тастыктаган документ бар. Каражат "2011-2014-жылдардагы саясий репрессиянын зыяны үчүн" деп белгиленген.

Акча АКШда талашты сотко чейин чечүү жараянында алынган. Каражаттын булагы катары Техас штатында каттоого алынган "Reid", "Collins", "Tsai LPP" компаниялары көрсөтүлгөн. "Азаттыктын" украин кызматы бул жаатта Тимошенконун өкүлдөрүнөн комментарий алууга аракет кылууда.

Украинада Виктор Янкукович президент болуп турган 2011-жылы Юлия Тимошенко жети жылга камалган. Ал Орусия менен 2009-жылы газ келишимин түзүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн айыпталган. Анын мойнуна "Нафтогаз" ишканасына 1,5 миллиард гривна төлөп берүү милдети да жүктөлгөн.

Тимошенко 2014-жылы Евромайдан окуяларынын артынан Янукович бийликтен кулатылгандан кийин эркиндикке чыккан. Янукович Орусияга качып кеткен.

АКШда жана Европа Биримдигинде "Тимошенконун басымга алынышында саясий себеби бар" деп бааланган. Адам укуктары боюнча Европа соту 2013-жылы анын ишин карап, укук бузууларга жол берилген деп чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG