Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Тажикстанда окуу каникулу 16-августка чейин узартылды


Тажикстандагы жаңы мектептин ачылышы. 25-март, 2020-жыл.
Тажикстандагы жаңы мектептин ачылышы. 25-март, 2020-жыл.

Жаңы коронавирустун тарап жатышына байланыштуу Тажикстанда окуу каникулу 16-августка чейин узартылды.

COVID-19 инфекциясына каршы түзүлгөн Республикалык штаб сабак 17-августта башталарын билдирди.

«Мектепке чейинки мекемелердеги каникул өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин уланат», - деп маалымдады коңшу өлкөнүн Билим берүү министрлиги.

Буга чейин балдар 27-апрелде эки апталык каникулга таратылган.

5-майда Тажикстанда коронавируска чалдыккандар 230га жеткени расмий кабарланды. Алардын үчөө көз жумду. Өлкө бийлиги 30-апрелге чейин коронавирус каттала электигин билдирип келген. Ага чейин өпкөсү сезгенип ооруканага түшкөндөр көбөйгөн. Айрымдары көз жумган.

XS
SM
MD
LG