Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

6-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.
Кыргызстан.

6-майда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мөндүр жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз  кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 18…23;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градус болот.

XS
SM
MD
LG