Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Штаб: Бишкекте карантин көзөмөлү күчөтүлөт, анализ тууралуу маалымкат талап кылуу ашыкча


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Бишкек шаарында карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу 5-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айрым соода жайларында, базарларда жана таксиде санитардык талаптар сакталбай жатканын айтты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилгени менен элдин себепсиз көчөдө жүрүүсүнө тыюу алына электигин эскертип, ээн-эркин басып жүргөндөр көбөйгөнү үчүн күч кызматкерлерин сынга алды.

Муну менен катар Боронов айрым облустар ошол аймакка кирүүнү каалагандардан коронавирус жоктугун тастыктаган медициналык маалымкат талап кылуу тууралуу чечимин өзгөртүшү керектигин белгилеп, көзөмөл өкмөт бекиткен тартипте жүрүшү зарылдыгын айтты. Тийиштүү алгоритмде көрсөтүлбөсө, COVID-19 жоктугун тастыктаган маалымкат талап кылуу ашыкча болорун кошумчалады.

Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын ичинен 11 бейтап кайтыш болду, 600 адам айыгып чыкты.

Ысык-Көл облус аймагына кирген учурда адамдар экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымкат көрсөтүүгө тийиш экени тууралуу маалымат 3-майда чыккан.

Бишкек мэриясы шаарга кирүүнү каалагандардан медициналык аныктама талап кылууну көздөп жатканын кабарлаган.

Бул демилгелер коомчулукта кызуу талкууланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG