Түркия 11-майдан тартып карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданууда. Дүйшөмбүдө президент Режеп Тайып Эрдоган биринчи этапта чач тарач, сулуулук салондору жана соода жайлары ачыларын билдирди.
«Эгер Саламаттык сактоо жана Соода министрликтеринин эрежесин сактаса, соода борборлорунун ишине 11-майдан тартып уруксат берилет. Эгер эреже сакталбаса, Кудай анын бетин ары кылсын, кайрадан жайылып кетсе катаал чараларга кайра кайтып келүүгө аргасыз болобуз», - деди Эрдоган.
Ошондой эле 65тен жогору курактагылар келаткан жекшембиде, 14 жашка чейинкилер 13-майда, ал эми 15-20 жаш курактагылар 15-майда төрт саат көчөгө чыга алышат.
Мындан тышкары Анталья баштаган жети шаарга кирип-чыгууга чектөөнү алуу чечилди. Бул тизмеге Стамбул, Анкара жана Измир шаарлары кошулган жок.
Түркия коронавирус пандемиясынан катуу жабыркап жаткан өлкөлөрдүн бири. COVID-19 илдетине чалдыккандар 128 миңди чамалады.
Түркияда 30 миңдей кыргызстандык окуп-иштейт.