Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Түркиядагы мигранттар: Сабырдуу бололу


Кыргызтандыктар Стамбул-Бишкек каттамын күтүп жатышат. 23-апрель, 2020-жыл.
Кыргызтандыктар Стамбул-Бишкек каттамын күтүп жатышат. 23-апрель, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынан улам буга чейин Түркиядан Кыргызстанга атайын уюштурулган учак каттамдары менен 400дөн ашык кыргызстандык мекенине кайтып барды. Ошол эле маалда Түркиядагы айрым мигранттар ызы-чууга алдырбай, кетпей күтүп турууга үндөп жатышат.

24-апрелде Түркиядан жолго чыга турган жүргүнчүлөр Стамбул эл аралык аэропортунда топтолуп, каттамды күтүп жатышат. Аларды Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы консулдук Түркиянын коронавирус менен күрөшүү тартибине ылайык аймактардан аэропортко алып келүү милдетин колго алышты.

Анкарадан Стамбулга келген Уланбек Ашырматов кыргыз жарандарынын аэропортко жетүү машакатын баяндады:

«66 кыргызстандык 22-апрелде Стамбул аэропортуна биринчилерден болуп келдик. Анкарадан чыгып жатканда элчилик атайын үч автобус уюштуруптур. Тартипке ылайык бир автобуска 20 эле киши отурдук. Айдоочуларга да уруксат кагазы алыныптыр. Ошонун негизинде Анкарадан Стамбулга келгенге чейин үч посттон токтотушканда жүргүнчүлөрдүн тынчын албай эле өткөрүп жатышты. Ошондой эле бизге элчилик беткап жана мээлей тараткан. Учурда аэропортто каттамды күтүп отурабыз. Бул жактын кызматкерлери «көп киши топтолбой бири-бириңерден алыс отургула» деп эскертип жатышат. Жүргүнчүлөрдүн маанайы жакшы».

Кыргызстанга кетип жаткан жүргүнчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү эмгек мигранттары. Алар мындай кадамды жумуштан чыгып, каражатсыз калганы менен түшүндүрүп жатышат. Бирок Түркиядагы айрым кыргызстандыктар коронавирус пандемиясында мекенге кайтуу кооптуу экенин эскертип чыгышты.

Атайын каттамга кыргызстандыктар билет алып жатышат, 23-апрель.
Атайын каттамга кыргызстандыктар билет алып жатышат, 23-апрель.

Анкара шаарында эмгектенип жаткан Рыскүл Ашырапкулова азыркы кырдаалда Кыргызстанга кайтып жаткан мигранттардын кадамын сынга алды:

«Учурда Кыргызстанда да абал жакшы эмес. Баары жабык. Андан көрө Түркияда иштеп, Кыргызстандагы жакындарыбызга колдоо көрсөтсөк жакшы эмеспи. Биздин кетип жаткан жарандар менен мекенге вирус барышы толук ыктымал. Мен деле Кыргызстанга кетким келип жатат. Бирок айла жок, ал жактагы балдарымды ойлоп Түркияда отурам».

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 23-апрелде өткөн брифингде 17-апрелде Түркиядан учуп келгендердин ичинен бир адамдан коронавирус табылганын, ал азыр ооруканада дарыланып жатканын айтты. Ал каттам менен Кыргызстанга 211 адам учуп кеткен.

Стамбул шаарында эмгектенип жаткан Асел 24-апрелдеги чартердик каттам менен эки окуучу кызын Кыргызстанга жөнөтүүнү пландаган. Бирок ал Кыргызстандагы обсервация шарттарын ойлоп бул чечимден баш тартканын билдирди:

«Жолдошум экөөбүз Түркиядагы абалды көрүп эки кызымды Кыргызстанга туугандарга жөнөтсөкпү дегенбиз. Бирок Бишкекке баргандар обсервацияга алынгандыктан балдар кыйналып калат го дедик. Кандай жерге туш келет, белгисиз болуп жатпайбы. Андыктан күнүмдүк жумуштарга чыгып, азык-түлүккө акча таап, бул апааттан өтүп кетебиз деп күтүп отуралы дедик».

Коронавируска байланыштуу Түркияда 145 миңге жакын менчик ишкана жабылган. Бул ишканаларда иштеген беш миллиондон ашык ишчи жумушсуз калган. Ал эми Түркияда иштеген кыргызстандыктардын арасында баарынын эле абалы начар эмес. Мекендештердин көбү коронавируска байланыштуу кризистин аягын күтүп жаткан чагы. Алардын бири Стамбулда күндүзгү жумуштарда иштеген Элмира Чотонова мекендештерин сабырдуулукка чакырды:

«Мен иштеген жер «күтүп тур, ушул кризис бүтсө кайра эле жумушка келесиң» деген. Андыктан Түркиядан шашылып мекенге кетип жаткан жарандарга айтат элем: бул оор замандар бүтөт. Түркиянын экономикасы алдыда. Жергиликтүүлөр «кризис бүтөрүнө аз калды» деп жатышат. Жумуш издегендерге жумуш бар. Андыктан сабырдуулук кылып, күтүп турсак баарын жеңебиз деген ойдомун».

21-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу маалымат берип жатып, Орозо айында жарандар коронавирустан улам киргизилген карантиндин жоболорун туура сактап, тартипке келишсе июнь айынан баштап Түркиядагы ишканалар акырындык менен ачыларын билдирди.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча өлкөдө 35 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын 6 миңге жакынында расмий эмгек визасы бар. Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап эмгектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG