Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Нур-Султан Ташкентке нота жиберүүдөн баш тартты


Мактарал районундагы Өргебас айылы. 3-май, 2020-жыл.

Сардаба суу сактагычынан аккан суу Казакстандын айылдарын да каптаганына байланыштуу Ташкентке нота жиберилбейт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров 5-майда билдирди.

Андан бир нече саат мурда өлкөнүн экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Сергей Громов чек арадагы гидротехникалык курулуштар тууралуу Өзбекстандан толук маалымат талап кылган нота даярдалганын билдирген. Ал Сардаба суу сактагычы казак тараптын макулдугусуз курулганын да белгилеген.

“Суу каптоонун кесепетин жоюуда өкмөттөр менен чектеш аймактардын жетекчилиги тыгыз иштешип жатканын эске алуу менен Казакстандын өзбек тарапка нота жөнөтүү маселеси жок” дейт Айбек Смадияров.

2017-жылы курулган суу сактагычтын тосмосу 1-майдын таңында жырылып, эки өлкөдө 100 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG