Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Москванын четиндеги өрт алты өзбекстандыктын өмүрүн кыйды


Өрт чалган үй. 5-май, 2020-жыл.

5-майда Москванын Раменское шаарында турак үйдөгү өрт Өзбекстандын алты жаранынын өмүрүн алды. Алардын үчөө эркек, үчөө аял экенин “Азаттыктын” өзбек кызматы расмий маалыматка таянып жазды.

Баштапкы маалыматка караганда аянты 100 чарчы метр жер тамда 26 киши жашап келген. Каза болгондордон башкасы кайсы өлкөнүн жарандары экени азырынча тактала элек. Алардын Орусияда мыйзамдуу жүргөн-жүрбөгөнү териштирилерин Москванын Тергөө комитети билдирди.

Өрткө электр жабдуусундагы бузуктук себеп болушу мүмкүндүгү айтылып жатат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG