Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Республикалык бюджет 9,7 млрд. сомго аз чогулду


Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен.
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев менен финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаалды жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын талкуулады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Анда 2020-жылы январдан апрелге чейин республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 77,2% аткарылып, бул пландалгандан 9,7 млрд. сомго аз экени белгилүү болду. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүнүн жетиштүү каржыланбай калуу ыктымалдыгына байланыштуу эки сценарий иштелип чыкканын маалымдады. Ага ылайык, жыл аягында бюджеттин чыгаша бөлүгүнө түзөтүү киргизилет.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева чыгымдарды азайтуу социалдык төлөмдөргө тиешеси жок экенин белгиледи. Жээнбаеванын маалыматына караганда эл аралык өнөктөштөрдөн келген каржылык жардамдын жалпы суммасы 174,5 млн. долларды түздү.

29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшпөй калганын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG