Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Роза Отунбаеванын фонду кезектеги «Илим кыз» сабактарын баштады


Экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте өткөн билим иш-чараларынын биринде. Архивдик сүрөт.
Экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте өткөн билим иш-чараларынын биринде. Архивдик сүрөт.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен бирге кезектеги «Илим кыз» мектебин быйыл онлайн форматта өткөрүп жатат.

6-майдан 25-майга чейин Кыргызстандын бардык аймактарынан 10-11-класста окуган 100дөн ашуун окуучу кыз техникалык англис тили, компьютердик сабаттуулук сабактарына, IT багыты боюнча мастер-класстарга катыша алат.

Мындан тышкары, тамак-аш технологиясы, биомедициналык инженерия, кездеме жана булгаары технологиясы, машина куруу, электроэнергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу маалымат алып, бул багытта ийгиликке жетише алган мекендештери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

«Илим кыз» долбоору 2015-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Максаты - Кыргызстанда кыздардын илим багытындагы кесипти тандоосуна багыт берүү.

Быйыл дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу сабактар аралыктан өткөрүлмөй болду.

Мектептин ачылышында куттуктоо сөздөрүн Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана КМТУнун ректору Мураталы Жаманбаев айтышат.

Дүйнөлүк экономикалык иликтөөлөрдө айтылгандай, келечекте илимге, математикага, инжнерликке, технологияларга байланышкан кызматтар эң бааланган жана жогорку акы төлөнгөндөр болот. (RK)

XS
SM
MD
LG