Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

7-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

7-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус болот.

XS
SM
MD
LG