Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

«Жеңиш эстафетасынын» символу Ошко жетти


Жеңиш эстафетасынын символун тосуп алуу аземинде. Ош шаары. 6-май, 2020-жыл.
Жеңиш эстафетасынын символун тосуп алуу аземинде. Ош шаары. 6-май, 2020-жыл.

Бүгүн, 6-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун «Жеңиш эстафетасынын» символун тосуп алууга арналган салтанаттуу азем Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы башкармалыгында болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Жеңиш эстафетасын тосуп алууга мекеменин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов катышып, бул ар бир тургун үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи:

«Себеби дээрлик ар бир үй-бүлөнүн жакын адамдары майданга барып согушкан. Бул жакта болсо оорукта, эвакуацияда болгон эшелондорду тосуп алып, аларды жайгаштырышып, майдан талаасына керектүү нерселердин баарын жөнөтүп турушкан».

1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык Жеңиш эстафетасы аттуу акция Беларустун Брест жана Орусиянын Мурманск шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган. Эстафета КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Кыргызстандын аймагында «Жеңиш эстафетасы» 2-майдан 7-майга чейин Бишкек жана Ош шаарларынан өтөт. 7-майда «Бордөбө» чек ара бекети аркылуу Жеңиш эстафетасы Тажикстандын чек арачыларына өткөрүлүп берилет.

«Жеңиш эстафетасы» акциясы 28-майда Москва шаарында «Белгисиз жоокердин күмбөзү» мемориалдык комплексинин жанында соңуна чыгат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG