Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Псков облусунда 38 кыргызстандыктан коронавирус чыкканы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Псков облусунда курулушта иштеген 38 кыргызстандыктан коронавирус табылганын аймактын башкы санитардык дарыгери Александр Нестерукка таянып 5-майда «Азаттыктын» орус кызматы кабарлады.

Маалыматта алар Новосокольнический районунда инфекциялык оорукананын курулушунда иштеп жаткандар экени, Псков облусуна 21-22-апрелде барганы айтылат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова азырынча так маалымат жок экенин, тактоо иштери жүрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Облус губернатору Михаил Ведерников мурдараак жалпысынан 41 жумушчу барганын, алардын 16сынан коронавирус табылганын кабарлаган.

Райондун депутаты Ирина Ершова мигранттар баргандан кийин эки апта изоляцияга алынбаганын айтып чыккан жана бул үчүн күч органдарынан иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

Облуста коронавирус жуккандардын жалпы саны 226 адамга жетти.

Жалпы Орусияда COVID-19 вирусу дээрлик 166 миң адамдан табылды, алардын ичинен 1537 бейтап кайтыш болду, 21 327​ адам сакайып кетти.

Орусиядагы 750 миңдей мигранттын канчасында коронавирус аныкталганы расмий айтыла элек. Элчи Аликбек Жекшенкулов 18-апрелде «Азаттыктагы» маегинде Москвада 50-60тай жаран коронавирус боюнча шек менен үй карантинде отурганын айткан.

Москвадагы Эл аралык достук университетинде окуган эки кыргызстандык студентте жана Аскердик университетте окуган бир кыргызстандык курсантта COVID-19 аныкталганы тууралуу маалыматтар бар.

Ондогон мигранттар COVID жугузуп алганы тууралуу кабарлар түшүүдө, бирок расмий тастыктала элек. (RK\LzT)

XS
SM
MD
LG