Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Асылбек Жээнбековдун парламент отурумдарына катышпаганы боюнча маселе көтөрүлдү


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Экс-спикер, президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбековдун акыркы убактарда парламент отурумдарына катышпай жүргөнү тууралуу маселени Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагынбаев 6-майда тараткан кайрылуусунда козгогон.

Анда: “Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жаралып, көйгөйлүү маселелер каралып жатканда, Жогорку Кеӊештин жыйындарына Асылбек Жээнбеков эмне себептен катышпайт? Же президенттин жакын адамдарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи? Ар бир Кыргызстандын жараны өзү шайлаган эл өкүлүнөн отчет алууга укугу бар. Ал эми эл өкүлү эл алдында отчет берүүгө милдеттүү”, -деп жазылган.

Канат Сагынбаев мындан тышкары өткөн аптада Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкинанын 12-мартта Сауд Арабиясынан кайтып келген учакта Асылбек Жээнбеков да болгону тууралуу суроосу жоопсуз калганын белгилеген.

КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина 12-мартта Сауд Арабиясынан келген каттамдын жүргүнчүлөрү депутат Асылбек Жээнбековдун көрсөтмөсү менен текшерилбей, үйлөрүнө коё берилгени жөнүндө маалыматы бар экенин билдирип, ага өкмөттөн жооп талап кылган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Асылбек Жээнбеков 6-май күнү парламент жыйынына катышканын маалымдады. Маалыматка караганда, буга чейинки отурумдарга Жээнбеков шайлоочулары менен жолугуп жүргөнүнө байланыштуу катышкан эмес. Асылбек Жээнбеков коронавирус пандемиясынан улам карантинде кыйналган 5 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таркатып, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөнүн КСДП фракциясы кабарлаган.

Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы. Ал 2017-жылы бир тууганы Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайланып келгенден кийин, спикерлик кызматтан баш тарткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG