Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Ошто жер силкинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын түштүгүндө жер силкингени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирегенин ырастап, баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жапа чеккендер жок экендигин кабарлады. Учурда анын күчү аныкталып жатат.

Ал эми Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борбору жарыялаган маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:51 чамасында күчү 5 баллды түзгөн жер титирөө катталганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Кыргызстан менен Кытайдын чектеш аймагында, Өзбекстандын борбору Ташкенттен 431 чакырым алыстыкта, түштүк-чыгыш тарапта катталган.

Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борборунун маалыматы боюнча, силкинүүнүн күчү Наманган облусунда 2 баллга, Анжиянда 3 баллга, Фергана өрөөнүндө 2 баллга жеткени байкалган.

Кыргызстанда апрель айында эле күчү 3-4 баллдын айланасында 7-8 жолу жер титирөө болгон.

Ал эми 4-май күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында үч баллдык жер титирөө катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG