Кыргызстанда «Онлайн университет» аттуу платформа өз ишин баштады. Анын алгачкы вебинары «Онлайн сынакты кантип уюштуруш керек?» деген темада өтөрүн «Азаттыкка» платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Элира Турдубаева билдирди.
Вебинарга эл аралык билим берүү тармагында иштеп жаткан адистер жана окутуучулар катышып, онлайн сынактын түрлөрү, аны өткөрүү эрежелери тууралуу кенен маалымат беришет.
Турдубаева: «Дүйнөдөгү пандемия шартында Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде сынактар, дипломдук, магистрдик иштерди коргоо онлайн форматта өткөрүлөт. Жогорку окуу жайлары буга даяр эмес болгондуктан бир катар кыйынчылыктар жаралууда. Аларга жардам берели жана окутуучуларынын санариптик сабатын жогорулаталы деп демилге тобун түзүп, бекер вебинарларды өтүп жатабыз», деди.
«Онлайн университеттин» курамына өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү тармагында иштеп жүргөн мекендештерибиз жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдор кирди. Платформанын ишин негизинен Түркия, Германия, АКШ, Англия, Венгрия, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдө билим алып, иштеп жаткан кыргызстандыктар жүргүзөт.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр киргизилип, башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле окуу жайлары да убактылуу жабылгандыктан иш аралыктан жүргүзүлүп жатат.
Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталуу жана аны өткөрүү күндөрү жакында жарыяланды.
Өлкөдө 50 жогорку окуу жайы бар, алардын 31и мамлекеттик, 19у жеке менчик. (RK)