Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

АКШ Борбор Азияга 6,8 млн. долларлык кошумча жардам берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу Кошмо Штаттар Борбор Азияга алдыдагы эки жылда 6,8 миллион долларлык жардам берет. Бул каражат АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча борборлорунан (CDC) бөлүнөт.

CDСнин аймактык директору Даниел Сингер: «Жардам жабдык сатып алууга, окутууга, ооруну аңдап түшүнүү боюнча кызматташтыкты жолго коюуга жана пандемияны жеңгиче аймактагы саламаттык сактоо министрликтери өз жарандарын коргоого чара көрө алышы үчүн бөлүнөт», - деп билдирди 6-майдагы брифингде.

Бул - АКШ өкмөтү жардамга берчү каражаттан тышкары, өлкөнүн медициналык муктаждыгына карай бөлүштүрүлчү көмөк. Кыргызстанга 1,3 миллион долларлык түрдүү медициналык каражаттар берилет.

Доктор Сингер чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан убагында тийиштүү чара көрүп, оорунун жайылышын басаңдатуу багытында чечкиндүү аракеттерге барып, бул жагынан коңшулардан алдыда баратканын кубаттады.

АКШнын бул жардамы Өзбекстанга (2,07 млн. доллар), Казакстанга (1,6 млн. доллар) жана Тажикстанга (1,6 млн. доллар) да үлөштүрүлөт.

Ал эми Түркмөнстан тууралуу сөз козголгон жок. Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча борборлору жалпы дүйнөдөгү коронавируска каршы аракеттерге бардыгы 800 миллион доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG