Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Өкмөт экономиканы колдош үчүн 40 млрд. сомдун каржы булагын тапканын билдирди


Өкмөт жыйыны.
Өкмөт жыйыны.

Өкмөт экономиканы жана ишкерликти колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи баскычын иштеп чыкканын маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал программа ишкерлерге жеңилдетилген насыя жана салык келишиминин милдеттенмелерин кайра карап чыгууга багытталган бир катар фискалдык чаралар, салыктар менен социалдык төлөмдөр боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзүү каралган 19 иш-чараны камтыйт. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев каржылоонун булагы табылганын билдирди.

«Биз каржылоо булактарын таптык. Кеп болжол менен 40 млрд. сом тууралуу болуп турат. Анын ичинде Кумтөрдүн эсебинен 4,2 млрд. сом, донорлордун эсебинен 14 млрд. сом, тышкы карызды реструктуризациялоонун жыйынтыгы боюнча – 4,3 млрд. сом бар. Ошондой эле 17,5 млрд. сомго жакыны Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу башка булактардан», - деди Абылгазиев.

Мындан сырткары учурда өкмөт экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кыска мөөнөттүү программа даярдап жатканын маалымдады.

Ишкерлер, айрым парламент депутаттары ишкер чөйрөнү колдоо боюнча өкмөттүн так программасы жок экенин сындап келе жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG