Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Орус-казак чек арасында 1,5 ай топтолуп турган кыргыз мигранттары мекенине кайтты


Орусиядан Казакстан аркылуу кайткан мигранттар автобус менен ташылып келди. 7-май, 2020-жыл.
Орусиядан Казакстан аркылуу кайткан мигранттар автобус менен ташылып келди. 7-май, 2020-жыл.

Кыргыз өкмөтү Орусиядан 541 эмгек мигрантын Казакстан аркылуу мекенине алып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-майда автобустар менен ташылып келген кыргызстандыктар обсервацияга алынды.

ТИМ билдиргендей, башында айтылгандан көбүрөөк адамды алып келгенге мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга чейин 5-майда Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагынан казак тарапка тогуз автобус менен жалпысынан 519 кыргыз жараны өткөнү, алардын 155и бул облустун Бузулук шаарында, калгандары ушул Соль-Илецк шаарынын четинде топтолгондор экени кабарланган.

Орусиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан кыргыз жарандары коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан орус-казак чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалаган.

Казакстан чек арада топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болуп, бирок алар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын айткан жана жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мигранттар казак-кыргыз чек арасына жеткенче Казакстандын 2 миңден ашуун чакырымын, төрт облусун аралап өтөрүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG