7-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда саат 21:00-06:00 аралыгында коменданттык сааттын талаптарын бузган 137 адам кармалды.
Алардын ичинен: Бишкектен – 119, Ош шаарынан - 4, Жалал-Абад шаарынан -4, Ат-Башы районунан -10 адам кармалган. Жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган 25-марттан тартып, бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4696 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган. Анын ичинде 4167 эркек, 529 аял киши. Алардын баарына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилип, коменданттык саат аяктаганда коё берилген.
3541 жаранга эскертүү берилип, 1155 жаранга айып салынган.
Мындан тышкары 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саат учурунда 363 автоунаа токтотуучу жайга киргизилген.
Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Президенттин 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынган.
Учурда өзгөчө абал режими сакталып турган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)