Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Асрандиев: Сырттан келген жардам бюджеттин чыгашасына жумшалат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык каржы уюмдарынан келген жардам мамлекеттик бюджеттин чыгашасына жумшалып жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 7-майда брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, өкмөт антикризистик программаны ишке ашырыш үчүн антикризистик фондго 2020-21-жылдарга жалпы 40 млрд. сом чогултууну көздөп жатат. Бул каражат ички жана тышкы булактардан чогултулат.

«Азыркы учурда биз мамлекеттик бюджетти өзгөртүп, чыгашаларды оптималдаштыруу менен бир топ каражатты бошотуп, аны ишкерликке жардам берүүгө жумшайбыз, - деди ал. - Мындан тышкары Кумтөрдөн түшкөн каражат да ишкерликти колдоого жумшалат. Бул ички булактар. Ал эми тышкы булактардан: Германиянын KW жана Европа өнүктүрүү банктары менен сүйлөшүп, жалпы суммасы 50 млн. доллардан ашык акча алмак болдук. Мындан тышкары дагы бир катар донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. ЕАЭБдин алкагында иштеп жаткан өнүгүү институттарынан да акча алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан да убактылуу бош турган каражатын антикризистик фондго алабыз деген максатыбыз бар».

Асрандиевдин маалыматы боюнча, жеңилдетилген каржылоо өндүрүш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына берилет. Азык-түлүк чыгарган, өндүргөн товарларын экспортко багыттаган ишканаларга артыкчылык берилет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG