Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

№14 бейтапкананын үч кызматкери ооруканада, дагы бир адамдын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин №14 бейтапканасынын коронавирус жуккан үч кызматкери ооруканада жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алар - башкы дарыгер, дарыгер жана кароолчу. Мындан тышкары, башкы дарыгердин күйөөсүнө да илдет жуккан, анын абалы оор деп мүнөздөлүп жатат. Башкы дарыгердин абалы канааттандырарлык.

Кароолчунун жубайы буга чейин коронавирус аныкталган №3 бейтапканада иштей тургандыгы аныкталды.

Үсөнбаев «№14 бейтапканада мобилдик топтор бар. Ошондой топто иштеген бир дарыгер келип башкы дарыгерге отчёт берип турчу. Башкы дарыгер ошол жерден жугузуп алган окшойт. Бир нече жолу текшерилгенде ПЦР чыккан эмес. Денеси ысыганда үйдөн дарыланууга аракет кылган. Ошол учурда күйөөсүнө да жуккан. Бейтапкананын кароол кызматкери да ооруп калган» деди.

№14 бейтапкана Биринчи май районунун аймагында, Булгаары заводу жакта жайгашкан.

Азыркы тапта мекеме ишин улантууда. Ооруп калгандар менен контакт болгондор аныкталып, обсервацияга алынат.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты.

895 адамдын 224ү медицина кызматкери, алардын бири каза тапты, 161и айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG