Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 09:12

CDC: Коронавирус Алматыдагы лабораториядан тараган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун жаңы түрү Алматыдагы коркунучтуу инфекциялар лабораториясынан тараган эмес. Бул тууралуу АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) өкүлү билдирди.

CDC борборлорунун аймактык директору Дэниел Сингер 6-майдагы онлайн брифингде кытайлык сайттардын бириндеги «вирус Казакстандагы «америкалык лабораторияда» даярдалып, Кытайга алынып келген болушу ыктымал» деген билдирүүнү четке какты.

«Вирус чыгарыш үчүн лабораторияга алдыңкы технологиялар жана төртүнчү деңгээлдеги коопсуздук керек. Менимче, Алматыдагы лаборатория үчүнчү деңгээлдеги коопсуздукка ээ. Андыктан бул лабораториянын мындай вирусту түзүүгө кубаты жетет дегенге ишенбейм», - деди Дэниел Сингер.

Ал лаборатория америкалык экенин да четке какты. Сингер АКШ өкмөтү бул объектини курууну каржылаганын, CDC жабдууларды берип, кызматкерлерди окутканын, лабораторияда бир да америкалык жаран иштебей турганын кошумчалады.

Коронавирустун жаңы түрү Алматыдагы лабораторияда тараган деген божомолду Sohu.com жарыялаган. Бул маалыматтык басылма эмес, жалпы технологиялык плафторма. Мындай платформага чыккан маалымат кытай бийлигинин расмий көз карашын билдирбейт. Буга чейин сайтта Казакстан жана Кыргызстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген маанайдагы макала жарыяланган.

АКШ бийлиги коронавирустун жаңы түрү Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан жаңылыштык менен тарап кеткен болушу мүмкүн экенин билдирип келет. Бээжин мындай болжолду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG