Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

ЖАМК: Жабык жайларда коронавирус жуккандар жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) 7-майда билдирүү таратып, жабык жайларда коронавирус илдетине чалдыккан адам катталбаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин айрым басылмаларга Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке какты.

ЖАМКтын билдирүүсүндө «4-май күнү вирусту аныкташ үчүн тесттен өткөрүү учурунда №1 тергөө абагынын бир кызматкеринин жыйынтыгы шек туудурган. Бирок эртеси күнү ПЧР аркылуу кайталап текшерүү учурунда кызматкер COVID-19 вирусуна чалдыкпаганы аныкталды. Медициналык алгоритмге ылайык, аны менен байланышкан адамдар, үй-бүлөсү текшерүүдөн өттү, баары соо чыкты. Буга карабай шек жараткан кызматкер дарыгерлердин көзөмөлү алдында карантинге алынды», деп жазылган.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн, 7-май күнү Бишкектеги №47 абагынын кызматкерлери коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттен өтүштү.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында ЖАМК жабык жайларда кармалып тургандар менен жолугушууга, азык-түлүк менен гигиеналык каражаттардан башка буюм-тайымдарды берүүгө убактылуу тыюу салган. Айрым адвокаттар мекеменин бул тартиби жабык жайларда кармалып турган адамдардын укугун бузарын айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG