Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Трамп Конгресстин Иранга байланыштуу резолюциясына вето койду


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президентинин Иранга каршы аскердик аракет жүргүзүшүн чектеген Конгресстин резолюциясын Дональд Трамп шаршембиде четке какты.

Учурдагы президент Трамп резолюцияны «абдан кемсинтүүчү мүнөздө» деп баалап, «мыйзам менен фактыны түшүнбөстүккө» негизделгенин белгиледи.

Резолюцияны Конгресстеги эки партия тең март айында колдогон. Республикачылар жана демократтар ортодо чыңалуу күчөп турган шартта Ак үй Иран менен куралдуу кагылышка барышы ыктымал деп чочулашат.

Вашингтон-Тегеран алакасы Дональд Трамп бийликке келгенде кайра начарлады.

Буга чейин АКШ Барак Обаманын администрациясы бийликте турганда жетишилген Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгып кеткен. Быйыл январдын башында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма күчтөрүнүн кол башчысы, Ирандагы бирден бир таасирдүү адам Касем Сулеймани америкалык дрондун соккусунан каза болгон. Андан соң Тегеран АКШнын Ирактагы аскер базасына сокку урган.

XS
SM
MD
LG