Биньямин Нетаньяху коррупциялык иштер үчүн айыпталганына карабай Израилдин Жогорку соту шаршембинин кечинде анын жаңы өкмөткө башчы болушуна уруксат берди.
20-апрелде Нетаньяху жана анын атаандашы Бенни Ганц коалициялык өкмөттү куруш үчүн мунасага келишкен. Ага ылайык, эки саясатчы өкмөттү жетектейт. 10 жылдан ашуун бийликте турган, учурда убактылуу өкмөттү жетектеген Нетаньяху жаңы министрлер кабинетин 18 ай башкарат. Андан кийин армиянын мурдагы кол башчысы Ганц премьерликке келет.
Бирок бир катар топтор, анын ичинде оппозициядагы партиялар Жогорку сотко кайрылып, саясий макулдашууну жокко чыгарууну, кылмыш иши козголгон Нетаньяхуга жаңы өкмөт курууга укук бербөөнү өтүнүшкөн.
Сот Нетаньяхуга каршы чечим чыгарса, анда 2019-жылдын апрелинен берки төртүнчү шайлоого жол ачылмак.