Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Ирак беш айдан кийин премьер-министрлүү болду


Мустафа аль-Кадими. 7-май, 2020-жыл.

Ирактын Улуттук чалгын кызматынын мурдагы башчысы Мустафа аль-Кадими 7-майда премьер-министр катары парламентте ант берди. Мунайдын арзандашы менен коронавируска байланыштуу оор абалга кептелген бул өлкөгө беш айдан бери премьер-министр шайлана албай турган.

Кызматка киришип жатып аль-Кадими анын командасы «чечимдердин өкмөтү» болорун, карапайым элдин пикирин такай угарын билдирди.

«Өкмөт ой-пикир айтуу эркиндигин, тынч демонстранттарды коргоону камсыз кылат. Нааразылык акциясына чыккандарды кодулагандарды табыш үчүн демонстранттар менен кызматташат. Ирактыктардын канына колу булгангандарды жазалайт деп убада берет», - деди аль-Кадими.

Өткөн жылдын соңунда Иракта жумуш орундарын түзүүнү, реформа жасоону, башкаруучу элитаны алмаштырууну, Иран менен АКШнын таасирин азайтууну талап кылып түмөндөгөн эл үч ай бою нааразылык акцияларын өткөрдү. Кагылышуу учурунда жүздөгөн адам өлүп, 25 миңдей адам жаракат алган. Ошондон соң декабрда премьер-министр Адель Абдул Махди кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Андан бери жаңы өкмөт түзүү аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Мустафа аль-Кадими бир нече жыл АКШда, Британияда жашап, журналистиканы аркалаган. 2016-жылы Улуттук чалгын кызматынын башчылыгына дайындалган.

XS
SM
MD
LG