Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Собянин: Москвада коронавирус жуккандар 300 миңге жакын


Сергей Собянин жана Владимир Путин.
Сергей Собянин жана Владимир Путин.

Москванын мэри Сергей Собянин борбордо коронавирус жуккандар расмий статистикада көрсөтүлгөн 93 миң кишиден үч эсе көп экенин билдирди.

«Шаарда чынында ооруп аткандар дагы көп экени талашсыз. Скринингдик изилдөөлөргө караганда алар Москванын жалпы калкынын 2-2,5% түзөт. Санга которсок 300 миңге жакын», - деди орус баш калаасынын мэри Собянин 7-майдагы «Россия-24» каналындагы маегинде.

Орусия 7-майда акыркы суткада дагы 11 миң адамдан илдет табылганын билдирип, коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты. Өлкө боюнча 177 миң киши COVID-19 илдетинен жабыркады.

Алардын арасында ондогон кыргызстандык мигранттар да бар. Так саны азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG