Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Өзбекстан Сардаба апаатынан жабыркагандарга көп кабаттуу 50 үй салат


Казакстандын суу астында калган Мырзакент айылы. 2020-жылдын 3-майында жандоочтон тартылган сүрөт.
Казакстандын суу астында калган Мырзакент айылы. 2020-жылдын 3-майында жандоочтон тартылган сүрөт.

Өзбек бийлиги Сардаба суу сактагычындагы кырсыктан жапа чеккендерге көп кабаттуу 50 үй салып бере турган болду. Тийиштүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Сырдарыя облустук администрациясы үйлөр 2020-2021-жылы Сардаба, Акалтын жана Мирзаабад райондоруна куруларын билдирди. Турагын суу каптагандар бекер батир алары такталды.

Премьер-министр Абдулла Арипов жетектеген комиссия түзүлдү. Суу каптоонун кесепетин жоюш үчүн бюджеттен 100 млрд. сум (10 млн. доллар) бөлүнөрү, зарыл болсо дагы кошумчаланары чечилди.

Ал эми Казакстан өкмөтү Сардаба кырсыгынан жабыркаган жарандарына киши башына 100 миң теңгеден (240 доллар) бере турганын жарыялады. Андан тышкары үй-жайын суу каптагандардын турак жай маселесин чече турган болду.

1-майдын таңында Өзбекстандын Казакстанга чектеш Сардаба суу сактагычы жырылып, эки өлкө 100 миңден ашуун жаранын коопсуз жайга көчүргөн.

XS
SM
MD
LG