Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Сардаба кырсыгынын себеби: шамал же коррупция


Өзбекстанда суу каптаган аймактардан тургундарды чыгарып жатышат.
Өзбекстанда суу каптаган аймактардан тургундарды чыгарып жатышат.

Сардаба суу сактагычындагы кырсыкты иликтөө үчүн кылмыш иши козголду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев күнөөлүүлөр ээлеген кызматына карабай жазаланарын айтты.

Айрым эксперттер Сардаба суу сактагычындагы дамба шамалдын айынан эмес, аны куруу иштериндеги жемкорлуктун айынан жарылганын айтышууда.

1-майдын таңында болгон Сардаба апаатынын айынан Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланды. Төрт адам каза болду. Бир адам дайынсыз. Сегиз бала бакча, 14 орто мектеп, жети оорукана, 52 чакырым жол, бир лицей, 99 көп кабаттуу үй, төрт подстанция,жана үч мечит жайгашкан 20 миң гектар аянтты суу басты. Келтирилген зыян эсептелип бүтө элек.

Ал эми кошуна Казакстанда 31 миңден ашык адам эвакуацияланды. 620 турак үй суу алдында калды. Жалпысынан 7 миң 600 гектар аянтты суу каптады. Казакстан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун санап чыкты.

Казакстанда суу астында калган айыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Кырсыктын себеби эмнеде?

Эми мына ушунча зыянды алып келген Сардаба апаатынын себебине токтололу. Кырсыктан кийин Өзбекстандын суу чарба министрлиги дароо маалымат таратты. Министрликтин өкүлү Шарифжон Кучкаров каргашага катуу шамал себеп болгонун билдирди.

"Катуу шамалдын айынан суу чайпалып, чоң толкун пайда болду. Дамбанын эң бийик жери 32 метр, эң жапыз жери 28 метр. Ошол катуу толкундан дамбанын эң жапыз жери жырылып кеткен" - деген аткаминер суу сактагыч 24 саат бою кайтарууда экенин кошумчалады.

Бирок суу сактагычтын курулушу менен тааныш адистер расмий маалыматка ишенбейт. Алар кырсыкка курулуштагы коррупция жана ченемсиз уурулук себеп болгонун айтышты. Көптөгөн адистер бул курулуштун "тагдыры ушундай болоору мурда эле белгилүү болчу" дешти.

"Бул 25 миллион долларлык ири долбоор болчу. 1000 тонна кумдун ордуна 500 тонна кум, миң тонна бетондун ордуна 500 тонна бетон жумшашкан. Эми курулуштун абалы менен аны курган адамдардын кандай жашап атканын салыштырып көргүлө" - деди аты-жөнүн атабоону өтүнгөн адис.

Мындай пикирди Сардаба суу сактагычынын курулушуна катышкан Сырдарыянын тургуну да ырастап берди.

"Машиналар шагыл-ташты жолдо келатып эле айыл тургундарына сатып жиберишчү. Негизи бизде, өзбектерде курулуштан кымтып калмай адат бар эмеспи. Кагаз бул жакта калып эле баары өзбекче вариант болуп кеткен. Азыр ушуга окшош «Чымкоргон» суу сактагычы курулуп атат. Ал жакта да кудум ушундай көрүнүш. Ташын да, кышын да, бензинин да эки жылдан бери уурдап атышат".

Сардаба суу сактагычынын курулушуна жооптуу "Өзбек темир жолдору" мамлекеттик мекемесинин алдындагы «Узтемиржолкурулушмонтаж» мекемеси болгон. Бул мекеме ишти «ТупалангсувГЭСкурилиш» аттуу компанияга берген. Бул ишкана Өзбекстандын сенатору, «Өзбекгидроэнерго» Акционердик коомунун кожоюну Абдугани Сангиновдун уулу Ислом Абдуганиевге караштуу.

1-майда кырсык болгон жерге барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жабырлануучулар менен жолугуп, тергөө иштери башталганын айтып, "күнөөкөрлөр жазаланат" деп ишендирди.

"Бул кырсыктын бардык күнөөкөрлөрү табылып, ээлеген кызматына карабай мыйзам алдында жооп берет" - деди президент.

Мирзиёев бул каргаша Өзбекстан үчүн сабак болгонун, алдыда эл аралык эксперттердин катышуусунда бардык дамбалар текшерилерин белгиледи.

Бирок "Азаттыктын" өзбек кызматынын өз булактары кырсыктын чыныгы күнөөкөрлөрү жаза аларына ишенишпейт.

"Бул жолу да метро кырсыгындай эле болот. Анда дагы Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орунбасары Ачилбай Раматовдун буйругу менен метронун курулушуна көчөдөгү мандыкерлер тартылган. Ошонун кесепетинен кырсык болгон. Ошондо деле кырсыктын чыныгы күнөөкөрлөрү жазаланган эмес" - деди алардын бир.

Сарбада суу сактагычы (дамба жырылгандан кийин космостон тартылган сүрөт. 6-май, 2020)
Сарбада суу сактагычы (дамба жырылгандан кийин космостон тартылган сүрөт. 6-май, 2020)

Өзбекстандын пахта аянттарын кеңейтүү максатында курулган Сардаба суу сактагычы 2017-жылы ишке берилген болчу. “Чөл ортосундагы деңиз” деп сыпатталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 930 миллион куб метрге жеткен. Дамбанын бийиктиги 28,8 метр.

“Сардаба суу сактагычында чакан ГЭС куруу” жөнүндөгү инвестициялык долбоорду ишке ашыруу 2020--2022-жылдарга мерчемделген, баасы 21,3 миллион евро экени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG