Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Мамкаттоо: Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө паспорт 21-майга чейин берилип бүтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө паспорт жазып берүү иши 21-майга чейин жыйынтыкталып бүтөт. Бул тууралуу 7-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, каттоо кызматкерлери ар бир айылга барып, документтерди даярдайт. Бул үчүн Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн тизмелер колдонулат. Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында балдар алдын-ала чакыртылып, кезек менен кабыл алынат.

«Бул жумуштун максаты - паспорт менен камсыз кылуу жана бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусуна жол ачуу. Калкты тейлөө борборлору кайра ачылганда кезек топтолбош үчүн биздин Мамлекеттик каттоо кызматы мектептер жайгашкан жерге барып, балдарды чогултуп, паспорт алууга керектүү кагаздарды толтуруп жатат», - деди ал.

Бейшеналиев кошумчалагандай, быйыл жалпысынан 4,5 миңге жакын бүтүрүүчүгө паспорт берилет.

Коронавируска каршы иш-аракеттердин алкагында башка мекеме-ишканалар сыяктуу мектептер да карантинге жабылган.

Кыргызстанда жарандык паспорт 16 жашка чыкканда берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG