Чаткалда райондук «Тез жардам» кызматынын коронавирус жугузуп алган дарыгерин жергиликтүү тургундар кодулаган эмес. Бул тууралуу райондук ооруканада дарыланып жаткан дарыгер өзү «Азаттыкка» билдирди.
«Интернетте тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Мени өкүндүргөн жагдай - өзүм коронавирус жугузуп алганымды Интернеттен билдим. Анткени Чаткалдагы эң алгачкы оору катталган учур биз болуп калдык. Бул жагдай биздин үй-бүлөбүзгө психологиялык чоң сокку болду. Туш-тараптан телефон чалышып, бизден кооптонгондор арбын болду. Экинчи жолку анализден илдет аныкталганын мен ошондо билдим».
Дарыгердин айтымында, коронавирус анын кызынан да табылып, экөө 30-апрелден бери ооруканада жатышат. Калгандары үй карантинине алынган.
«Мен «Тез жардам» менен эл аралап иштеп жүргөндүктөн кимден жугузуп алганымды билбейм», - деди атын атагысы келбеген дарыгер.
Буга чейин интернетте Чаткалда COVID-19 жугузуп алган дарыгерди жергиликтүү тургундар коркутуп, кодулаганы айтылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Чаткал районунда коронавирус боюнча абал курчуп жатат.
Милиция Чаткалда медицина кызматкерин муунтуп, баш ийбегендердин окуясы териштирилип жатканын кабарлаган. (RsK)