Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:44

Баткенде эки тажик жараны камакка алынды


Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 3-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Достук айылынын Как-Сай участогунда 33 жаштагы кыргыз жараны жана эки тажик жараны аткезчилик боюнча шектүү катары кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөр төрт жүк ташуучу машинеге коңшу өлкөгө контрабандалык жол менен алып кетиш үчүн кургак-мөмө жемиш жүктөп жаткан жеринен кармалган.

Баткен милициясы эки тажик жараны мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталып, коронавируска текшерилгенден кийин соттун чечими менен бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдады.

Бул факт Кылмыштар менена жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 223-беренесинин 1-бөлүгү («Аткезчилик») 358-беренесинин 1-бөлүгү («Чек арадан мыйзамсыз өтүү») жана Жоруктар кодексинин 122-беренеси («Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ушул күндөрү Баткен облусунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Парламент депутаттары коңшу Тажикстанда коронавирус илдети жайылып жаткандыктан чек арага көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылышкан. Эки өлкө ортосунда чек ара белгисиз мөөнөткө жабылган. Бирок жүк ташуучу автоунаалар өтө берет. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG