Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Иран эки террордук топту жок кылганын билдирди


Ислам революциясынын сакчылар корпусу.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу.

Ирандын Чалгын министрлиги өлкөнүн батышындагы эки «террордук уюшманы» жок кылганын билдирди. «Жикчил топтор» менен байланышы бар адамдар Иранга коңшу өлкөдөн киришкени, террордук чабуул жана диверсия уюштурууну көздөгөнү 6-майдын кечинде кабарланды.

Министрлик 16 адам кармалганын, алардан эки Калашников автоматы баш болгон ок-дары, куралдар тартылып алынганын кошумчалайт.

«Ал террордук топтун башчысы Европада жашайт жана кайсы бир араб өлкөсүнүн колдоосун алып турат», - деген министрликтин билдирүүсүн «Фарс» маалымат агенттиги жарыялады.

Кармалгандар кайсы террордук топко таандык экени такталган жок. Билдирүүнү көз каранды эмес башка булактар ырастай элек.

Апта башында жергиликтүү басма сөз Ислам революциясынын сакчылар корпусу Иракка жакын аймакта белгисиз жоочулар менен атышып, натыйжада бир полковниктен жана эки аскеринен айрылганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG