Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Бишкекте кафеден чыккан өрт өчүрүлдү (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, Панфилов – Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган кафеден чыккан өрт саат 10:38де чектөөгө алынды. Алдын-ала маалыматтар боюнча өрт 250 чарчы метр аянтты каптаган.

Кафенин жанында азык-түлүк дүкөнү, машине оңдоочу жай, көп кабаттуу жана жер үйлөр бар.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө, Панфилов – Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган кафеден өрт чыкканы тууралуу маалымат 8-май күнү саат 10:17 чамасында келип түшкөн.

Кырсык болгон жерде өрт өчүрүү кызматынын эки атайын бөлүмү иштеп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG