Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Медицина кызматкерлерине убада берилген кенемте төлөнөт


Жүзүмкан Көкүмбаева. COVID-19 илдетин жугузуп алып каза болгон медицина кызматкери.
Жүзүмкан Көкүмбаева. COVID-19 илдетин жугузуп алып каза болгон медицина кызматкери.

Бул тууралуу вице-премьер министр Аида Исмаилова бүгүн, 8-майда брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн 4-майдагы буйругу менен медициналык жардам көрсөтүү жана илимий иштерди жүргүзүү учурунда коронавирус илдетин жугузуп алган бардык медицина кызматкерлерине убада берилген 200 миң сом төлөнүп берилет. Ал эми вирус жугузуп алып, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом төлөнүп берилет. Бул кенемтелер бир жолу төлөнөт.

Аида Исмаилованын маалыматына караганда, саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат учурунда вирус жугузган кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн республикалык бюджеттен 50 млн. сом бөлүнгөн, кенемте атайын комиссиянын чечими менен берилет. Мындан тышкары вирустан өлгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнө зыяндын ордун толтуруш үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында каралган акча да төлөнөт.

8-майга карата Кыргызстанда 906 адам COVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Алардын 226сы медицина кызматкери. Оору жугузган медицина кызматкерлеринин 163ү айыкты, бирөө каза болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG