Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Исмаилова: Энени жана баланы коргоо борбору иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор же Балдардын республикалык клиникалык ооруканасы кадимкидей иштеп жатат. Күн сайын 120-150 бала кабыл алынып, 15тей кош бойлуу аял ооруканага жаткырылууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 8-майда брифингде билдирди:

«Коронавирус илдетин жугузган адамдар менен байланышта болгондор жана шек жараткан бейтаптар өзүнчө бөлүнгөн палаталарга жайгаштырылат. Аларга коргонуучу каражаттар менен камсыздалган өзүнчө дарыгерлер бекитилген. Өзгөчө кырдаал башталгандан бери оорукананын кызматкерлери бир нече жолу текшерүүдөн өтүшкөн. Анализ жыйынтыктары алар соо экенин көрсөткөн».

Исмаилованын маалыматына караганда, буга чейин аталган клиникалык ооруканада эки баладан жана төрт ата-энеден COVID-19 илдети табылган. Ата-энелер жугуштуу оорулар ооруканасына которулган. Алар менен байланышта болгон 19 медицина кызматкери обсервацияга алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда коронавирус илдетин жугузуп алган 32 бала Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо коронавирус жугузган балдар да ошол жакка которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG