Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Бишкек: Бардык медицина кызматкерлери коронавируска текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы медицина кызматкерлеринин баары коронавируска текшерилип чыгат. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө атайын түзүлгөн график боюнча анализ алынып жатат.

Ошондой эле, Үсөнбаев кошумчалагандай, милиция кызматкерлери да текшерүүдөн өтүүдө:

«Ооругандар менен иштеп калышы мүмкүн, тез жардам көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлерибиз бар. Баарын скрининг кылып, арасында коронавируска чалдыккандар жокпу деген чоң изилдөө бар. Мындан тышкары, күч кызматкерлеринин арасынын да чыгып калууда. Аларды да 200-300дөн алып келип, ушул жерде текшерүү жүрүп жатат. Мунун баары бекер жасалып жаткан изилдөөлөр. Бонецкий лабораториясы жардам берүүдө».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу 14 аппарат орнотулган тогуз лаборатория бар. Аларда бир суткада 2 миңдей анализ жасалууда.

Бишкектин №17, №14, №13 жана №3 бейтапканаларынын, Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринен коронавирус табылган.

Ал эми күч кызматкерлеринин арасынан жалпысынан бул илдетке 22 адам чалдыкканы белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG