Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Беларус президентин шайлоо августка белгиленди


Александр Лукашенко жана парламенттин төмөнкү палатасынын эң жаш депутаты, «Мисс Беларус - 2018» сынагынын жеңүүчүсү, 22 жаштагы Мария Василевич.
Александр Лукашенко жана парламенттин төмөнкү палатасынын эң жаш депутаты, «Мисс Беларус - 2018» сынагынын жеңүүчүсү, 22 жаштагы Мария Василевич.

Беларус парламентинин төмөнкү палатасы президенттик шайлоону 9-августка белгилегенин «БелТА» агенттиги билдирди.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүнүн планын жума күнү бекитиши керек. Буга чейин укук коргоочу уюмдар пандемияга байланыштуу добуш берүүнү аралыктан уюштурууну өтүнүшкөн. БШК сунушту четке какты.

Александр Лукашенко президенттик кызматты 1994-жылдан бери ээлеп келет. Анын кезектеги мөөнөтү быйыл 9-ноябрда аяктайт. Лукашенко бул шайлоого дагы катышарын билдирген.

Эл аралык көз каранды эмес байкоочулар Беларуста шайлоо административдик ресурс колдонуу, оппозицияны куугунтуктоо менен өтөрүн белгилеп жүрүшөт. Лукашенко "Европадагы акыркы диктатор" деген атка да конгон.

«Майдын аягына чейин оппозиция да өз талапкерин аныкташы керек» деп маалымдайт Tut.by агенттиги.

7-майга карата өлкөдө коронавирус жукканы аныкталгандар 20 миңден ашты. Алардын ар бир төртүнчүсү айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG