Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

«РСК Банк»: Коронавирус жуккан кызматкерлер кардарлар менен контактта болгон эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«РСК Банктын» коронавирус жуккан кызматкерлери жумуштагы жамаат менен да, кардарлар менен да контактта болгон эмес. Мындай билдирүү 8-майда банктын расмий сайтына жарыяланды.

Анда банктын эки кызматкеринен ушул илдет табылганы айтылат.

Бири Бишкек шаарында, ал ооруну үйдөн иштеп жатып жугузган жана дарыланып чыкты. Экинчиси Чаткал районундагы филиалдын кызматкери, ал азыр Каныш-Кыя шаарында дарыланууда.

Маалыматта «банк кадимки тартипте иштеп жатат» деп айтылат.

8-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «РСК Банктын» эки кызматкеринен коронавирус табылганын билдирген.

Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Көпчүлүк мекеме-ишканалар ишин убактылуу токтоткон. Банктар жабылган эмес, бирок айрым чектөөлөр киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG